Атамбаевди «Дача СУ» боюнчаактагысы келген сабатсыздар Экс-президентА. Атамбаевдин маалыматчыларынын командасында иштеген бирөөнүн кат-сабатын
жоюушу керек экендиги боюнча буга чейин деле айттык эле. Анын буга чейинки
акыркы жазган макаласы бир аз оңолуп калганынан улам 2-класстан 3-класска
көчүргөнбүз, бирок кайра эле эски «эшек оюунун» салып, чекит коюлбай турган
жерге чекит коюп, бир эле макаласында бирде Түркия, бирде Турция деп жазып,
алтургай премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин аты-жөнүн да туура жаза
албай атканынан улам кайра 1-класска которууга аргасыз болуп калдык. Кеп эмимында деле эмес. Кеп ошол макаланын автору заказчыларынын тапшырмасын «эптеп
аткара салайынчы» деген эле максат менен иштеп атканында болууда. АШАнынарыгын чапкан интернет сайттардын бирине «Бийликке кошулуп Атамбаевге каршы
“согушка” аттангандар…Же дагы бир жолу Дача суу жөнүндө» жана «Жалганчы
жалаакорлор» деген темадагы макалалар жарыяланган экен. Экөөнүн темасы эле эки
башка болбосо, автору деле, макаланын өзөгү деле бирөө гана. Эки макалада тең
өткөн жылы январь айында «Манас» аэропортуна жакын жайгашкан «Дача СУ» айылына
кулаган түркиялык учактагы жүк боюнча экс-президент А. Атамбаевди актоо аракети
жасалган.