Бишкек ТЭЦин модернизациялоо келишими Алмазбек Атамбаевдин уруксаты жок түзүлмөк эмес 10-майдапарламентте Бишкек ТЭЦиндеги кырсык жана аны модернизациялоого Кытайдан алынган
386 млн. доллардын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусу
талкууга алынды. Анда аталган комиссиянын мүчөсү Алмазбек Токторов “Бизде
президенттин чечими жок бир дагы маселе чечилбей” деген пикирин билдирди. “Келишим2009-жылдан бери даярдалып келген. Ага көп киши катышкан. Мурдагы, кечээги
президенттер да катышкан. Масалиев жакшы айтты, бизде президенттин чечими жок
бир дагы маселе чечилбейт. Ратификация болуп жатканда жол-жоболор бузулган.
Депутаттар дагы буга аралашып калсын деп ратификацияга алып келген. Чындыгында
өтө акылдуу кишилер иштеген”, - дейт ал. Ошондой элеал ТЭЦти модернизациялоого 386 млн доллар сарпталары тууралуу маалыматтар алдын
ала эле чыгып кеткенин, бирок ТВЕА менен “бааны түшүргүлө, ошонун үстүнөн
иштегиле” деген каттар жөн эле жасалмалуулук менен жасалганын билдирди. Ырасындаэле, бул ТЭЦти модернизациялоо маселесине экс-президент Алмазбек Атамбаевдин
түздөн-түз кийлигишкени коомчулукка ачык-айкын эле билинип калды. Эми ал өзүнүн
буга чейин айтып келген убадасына туруп, мыйзам алдында жооп берүүсү гана
керек.