Экономика министри Олег Панкратов I кварталдын жыйынтыгын чыгарып жатып, өлкөнүн ИДПна "Кумтөрдүн" тийгизген таасири олуттуу экендигин ММКга билдирди.
2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында кен өнөр жайында "Кумтөр" жогорку көрсөткүчтү берип, ИДП 6,2% түздү. Эгер ушул жылы иш план боюнча жүрсө, жыл аягында Кыргызстандын ИДПсы 2,5-3% өсөт, - деп белгиледи Панкратов.
Кыргызстандын өкмөтү экономиканын "Кумтөргө" көз карандылыгынан кантип арылууну ойлонууда. Экономиканын өсүүсү бул кендин ишмердүүлүгүнө көз каранды болууда.
Жакында эле Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитет жетекчилигинин милдетин убактылуу аткаруучу Эмил Осмонбетов парламентарийлерге, республикада азыркы учурда "Кумтөргө" атаандаша ала турган үч – Алтынкен, Жерүй жана Иштамберди кени бар деп билдирди.
Бирок, эконмика илимдеринин доктору Асылбек Аюпов, мындай билдирүүлөр – курулай айтылган сөздөр деген ишеничте.
-Эгер, айтылып жаткандай, бизде ушунчалык алтын кендери бар болсо, анда эмне үчүн аларды толук түрдө иштете албай жатышат? Бул тармактын титаны болуп келген "Кумтөр" ошол боюнча эле калууда. Биздин өлкөбүз кичинекей жана алтын казып алуу боюнча дүйнөдө болжол менен 20-орунду ээлейбиз. Ошол эле аткаминерлерибиз, биздин жерибизде Менделеев таблицасындагы баардык кен байлыктар бар деп ар дайым айтып келгенине карабастан, басым дагы эле алтын запасына жасалууда. Ошондуктан, мен өзүм мындай билдирүүлөргө ишенбестик менен мамиле жасайм, - деп белгиледи Аюпов VB.KG сайтына берген маегинде.
Олег Панкратовдун экономикалык көрсөткүчтөргө канадалык компаниянын тийгизген таасири жөнүндөгү билдирүүлөрүнө да экономист толугу менен макул.
-"Кумтөр" өз ишмердүүлүгүндө бюджет түзүүчү бирден бир компания болуп келген. Кээде эгер "Кумтөр" болбой калганында биз эмне кылмакпыз? деген суроого туш келесиң. Андай болгонунда, балким биздин экономика артка кетип, өнүкпөй калмак. Ошондуктан "Кумтөр" Кыргызстан үчүн өзүнчө келген бир кут десек туура болчудай, ал эми көптөрү аны тескерисинче айтып ишендирүүгө аракет кылышууда. Ал азыр деле өлкөнү куткарып келүүдө. Компаниянын ишмердүүлүгү аркасында кен өнөр жай тармагы ИДПнын 4-5 пайызын ээлеп турат. Анын бирден-бир фактору болуп так ушул "Кумтөр" эсептелет. Маселе андагы алтындын запастары акырындап түгөнүп жана аны казып алуу да кымбатка түшүп жатканында. КР үчүн мына ушундай чоң тобокелдик бар. Анткени республикада иш жүзүндө башка тармактар өнүкпөй жатат -, деп белгиледи Аюпов.
Мындан тышкары экономист "Кумтөрдүн" алтыны жана таасири аркасында азыркы убакта сомдун туруктуулугу камсыздалып жаткандыгын да эске салды.
- ЕАЭСтеги коңшулардан айырмаланып, так ушул алтын валютасынын резервдери биздин улуттук валютанын туруктуулугун камсыз кылууда. Анын үстүнө өлкөнүн башкы экспортунун үлүшүн, көпчүлүк эсептегендей агрардык продукция эмес, так ушул алтын түзөт. Аны да ушул канадалык компания камсыз кылууда. КР статистикасы да ар дайым экономикалык көрсөткүчтөрдү "Кумтөрдүн" эске алып жана албай эсептеп келген. Анын айырмасы абдан чоң экендигин да моюнга алуу керек. ИДПдагы бул компаниянын үлүшү 10 пайызга жакын. Ошондуктан, чынында эле бул бюджетти түзүүчү инвестор болуп саналат. Анын үстүнө, биздин өлкөдөн кимдин салыгы жана алтыны Фонддук биржаларда коюлууда? Албетте, "Кумтөрдүкү"! Бул факторлор жыйынтыкталып келип, КР бюджетинин кирешелүү бөлүгүн камсыздоодо, деп ишендирди Асылбек Нургазиевич.
Албетте, экономиканы запасы түгөнүп калуучу ресурстардан тыш болуп, кайрадан түзүү зарыл, деп эсептейт ал.
-Эгер экономиканы "Кумтөрдүн" ишинин аяктоосун эске алып багыттабаса, ал өнүкпөй калат. Баардыгы кымбаттай баштап, киреше ылдыйлап кетет. Бул эми башка маселе болгону менен, биз негизинен так ушул канадалык инвестордун жана алтын резервдеринин эсебинен жашап жаткандыгыбызды далилдеп турат.