Кыргыз-америкалык мамилелерди кайрадан баштоонун максаты эмнеде?

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев АКШ менен жаңы макулдашуунун кабыл алынышын тездетүүнү сунуш кылды. Эл депутаты муну "Көз карандысыздыкты алуу жылдары Америка башка мамлекеттер сыяктуу эле, Кыргызстанга да активдүү гранттык жардамды берип келгендиги" менен түшүндүрдү.

Эске салсак, 2015-жылы биздин республика 2010-жылы укук коргоочу Азимжан Аскаровго сыйлыктын ыйгарылышына каршылыгын билдирип, АКШ менен бир жактуу түрдө макулдашууну бузууну билдирген чечимин кабыл алган.

Парламент депутатынын идеясын азыркы мезгилде бир топ ата мекендик серепчилер колдоого алышты. Саясат таануучу Эдил Осмонбетов - АКШ Кыргызстанга эч жамандык жасаган эмес, жардам көрсөтүп гана келген. Ошондуктан күчү жоготулган балансты тезинен кайрадан калыбына келтирүү керек, - деген ишеничте.

-Вашингтон биринчилерден болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын таанып, жарандык жана саясий институттарды түзүү үчүн 2 млрд долларга жакын жардам көрсөткөн. 1993-жылы бизде нан боюнча көйгөй башталганда, АКШ атайын караван уюштуруп, биздин республикага ун жөнөткөн, - деп VB.KG редакциясына эскере кетти Осмонбетов.

Башында эле макулдашууну бузууга баруу туура эмес кадам болгон, муну жасабаш керек эле, деген ишеничте саяса таануучу.

-Азыр кыргыз-америкалык мамилелерин кайрадан жаңыртууга ыңгайлуу убакыт келди деп ойлойм. Анткени мындай жаңы деңгээлге чыгуу биздин өлкө үчүн маанилүү. Анын үстүнө келишим КР өкмөтү жана АКШ үчүн базалык документ болуп эсептелет жана ар кандай программаларды ишке ашырууда алардын аткарылышын тездетүүгө күчтүү таасир бермекчи. Ошондуктан Америка менен өнөктөштүктү кайрадан жандандырууну тездетүү зарыл, - деп белгиледи Осмонбетов.

Саясат таануучу Кыргызстанга коңшу жайгашкан Борбордук Азия өлкөлөрү – Казахстан жана Өзбекстан да АКШ менен тыгыз мамиледе иштеп жатышкандыгын түшүндүрдү.

-Бул наркотрафик жана террористтик коркунуч туулуп турган глобалдык шартта өзгөчө маанилүү. Анын үстүнө дүйнөлүк экономиканын өнүгүшүнүн 25% таку ушу Америкага тийиштүү. Ошондуктан Вашингтон биздин республикага чоң жардамдарды берүүгө күчү жетет. Жалпысынан алганда да биздин өлкө үчүн саясий жактан көп жактуулук үчүн Россия менен гана эмес АКШ менен да достук мамиледе болуу тоскоолдук кылбайт, - деп сөзүн жыйынтыктады Эдил Осмонбетов.

Азыркы учурда Кыргызстан "пророссиялык курс" менен бара жатат, ЕАЭС ке кирген, ШОС жана ОДКБ уюмдарынын мүчөсү, мындан тышкары Кытай менен да тыгыз байланышта. Ошондой болсо да Көк тиреген өлкө менен Вашингтондун мамилелери начар. Бул Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон Россияга да тиешелүү. Демек, АКШ менен болгон жаңы келишим бул мамлекеттер менен болгон кызматташтыктын градусун төмөндөтүшү мүмкүн.

Бирок саясат таануучу Игорь Шестаков, окуянын мындай өнүгүшүнөн чочулоонун кереги жок деп эсептейт. Москва да, Пекин да Кыргызстанга тышкы саясатты кандай жүргүзүүгө анча кийлигишпейт.

-Россиянын да стратегиялык векторлору жана түштүк тарапта коопсуздукту бекемдөөдө жана БА өлкөлөрү менен өз ара кызматташуу пландары бар. Бул биринчи кезекте ОДКБ чегинде жана экономикалык биримдикке катышуусуна тийиштүү. Ал эми Бишкек улуттук кызыкчылыкты өзүнүн тышкы саясатынын негизи катары кароодо, - деп түшүндүрдү Игорь Шестаков.

Саясат таануучунун пикири боюнча, Каныбек Иманалиевдин АКШ менен макулдашууга кол коюуну тездетүү демилгеси, Кыргызстан дүйнөлүк ири державалар менен байланыш түзгөн саясий жактан көп векторлуу мамлекет катары калгандыгын билдирмекчи.

-Анын үстүнө КР менен АКШ ортосунда каржылык долбоорлорду ишке ашырууга байланышкан келишимдер бар. Биздин республиканын бюджети жана мамлекеттик органдардын ишмердиги гранттык жардамдарга көз каранды эмеспи, ал эми АКШ мында акыркы ролду ойнобойт. Азыр деле Мамдептин каржылык жардамы менен Кыргызстанда көптөгөн долбоорлор, атап айтсак БУУ линиялары боюнча ишке ашырылууда, - деп ишендирди Шестаков.

Саясат таануучу эске салгандай, Вашингтондун жардамын Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышындагы депутаттар да активдүү колдонгон.

-ЮСАИД гранттары аркылуу Жогору Кеңеш парламент комитеттеринин республиканын аймактарына баруусун уюштурган. Бул биздин бийлик органдарынын чет өлкөлүк колдоолорго көз карандылыгын ачык мисал катары көрсөтөт. Анын үстүнө бул программалардын чегинде АКШ гана эмес, Россия жана башка мамлекеттер да иштешүүдө. 2015-жылдагы макулдашуунун жоктугуна карабастан, америкалык тарап алардын пикири боюнча маанилүү болуп эсептелген долбоорлорго каражат бөлүп берүүнү уланта берген. АКШнын өзү үчүн да Борбордук Азия аймагында өзүнүн катышуусун жайылтуу кызыктуу болуп саналат. Кытайдын дүйнөдө экономикалык жана геосаясий жактан атаандаш болушу – Вашингтондун кыжырын келитрет. Бул биринчи кезекте "Бир алкак – бир жол" долбоору, анын жардамы менен Пекин экономиканы өнүктүрүү боюнча айрым өлкөлөрдү өз тарабына тартууга аракет кылууда. Москва менен Вашингтондун ортосундагы мамиле боюнча да ушуну айтууга болот, - деп белгиледи Игорь Шестаков.

Маектешүүнүн аягында ал - АКШ менен макулдашууну жакшыртуу, Кыргызстан үчүн экономикалык маанилүү долбоорлорго каражат бөлүнүп бериле тургандыгын билдирет, - деп кошумчалады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД