Парламент өзүн өзү таркатууга бара алабы?

Сооронбай Жээнбеков жакында эле Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракциялардын лидерлери менен болгон жолугушуу учурунда шайлоо өткөрүү мыйзамдарына түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын эске салып өттү. Ал түзөтүүлөр шайлоо өткөрүү датасына бир жыл калган мөөнөткө чейин күчүнө кирүүсү керек. Тактап айтканда, ойлонуп отурууга убакыт жок, VI чакырылыштын иш мөөнөтү 2020-жылы аяктайт.

Мамлекеттик башкаруу боюнча саясатчы, серепчи Шерадил Бактыгулов "КР президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоолор" консититуциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси созулуп кетүүсү мүмкүн, бирок, мында эч кандай көйгөйлөр жокко эсе деп эсептейт.

-Киргизиле турган өзгөртүүлөр конституциялык мыйзамдарга гана тиешелүү болгондуктан, аларды кабыл алуу процедуралары татаал жана көп убакытты талап кылат. Мындай процесс тогуз айга чейин созулуп кетиши мүмкүн: алар комитеттерде, фракцияларда каралып, үч окуудан кийин кабыл алынганча ушунча убакыт өтөт. Чынында ар кандай мыйзамды канча убакыт созуп караса боло берет эмеспи. Ошондуктан шайлоолорду өткөрүүнү жарыялап, аларды өткөрүп, андан кийин деле түзөтүүлөрдү кабыл алса болот. Буга тыйуу салуу жок, - деп белгиледи серепчи.

Анын сөздөрү боюнча, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр качан киргизилээрине карабастан, кезексиз шайлоолорду өткөрүү мүмкүндүгү кала берет.

-Эгер парламент таркатылып калса, анда кезексиз шайлоолорду өткөрүүгө туура келет. Ошондой болгону менен, менин пикиримде, депутаттардын өзүн өзү таркатуу ою жок. Алар ушул эле курамда кайрадан Жогорку Кеңешке кайрылып келе албасы бышык, жок дегенде 60% жаңыланат. Анан да партиялардын кайсы бири шайлоону материалдык жактан көтөрүүгө даяр? Парламентке кезексиз шайлоону өткөрүү бийликтен чет жакта калгандарга маанилүү. Булар партия эмес, жаңы альянстарды түзө ала турган күчтүү саясатчылар, - деп пикир бөлүштү Бактыгулов.

Саясатчы баса белгилегендей, алдын ала шайлоого аттануу небак эле башталган. Мындан үч жыл мурда кезексиз шайлоолор жөнүндө сөздөр жүрүп жатканда эле, даярдыктар көрүлө баштаган. Саясатчылар бири-биринин аракетине көз салып, ар кандай биригүүлөр жөнүндө макулдашып, жана эң башкысы, шайлоочуларга ылайык келе тургандай маанайды түзүшүүдө. Буга мисал катары, ошол эле кытайлыктарга каршы өткөрүлгөн митингдерди айтсак болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД