Бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Афганистандын президенти Мохаммад Ашраф Гани учуп келди.
"Манас" эл аралык аэропортунда Афганистандын президентин вице-премьер-министр Замирбек Аскаров тосуп алды.