Ооруканада сактоо мөөнөтү өтүп кеткен дарылар операция учурунда колдонулган

Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасында бейтаптарга операция жасоо учурунда колдонулган, сактоо мөөнөтү өтүп кеткен катуу таасир берүүчү дарылардын партиясы алынды. Бул жөнүндө VB.KG редакциясына өздүк булактардан билдиришти.

Сактоо мөөнөтү июнь айында эле аяктап калган "Ардуан" препаратынын эки кутучадагы 50 ампулуу алынгандыгы белгиленүүдө.

Бул дарыларды алуу жергиликтүү жарандын арыздануусунун негизинде, 10-июлда Финансы полициясынын жана Балыкчы шаарынын прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

Редакцияга кайрылгандар мындай кош көңүл мамиле жасаган дарыгерлер жоопкерчиликке тартылбай калышы мүмкүн деп шек санашууда.

ЭККМК расмий эмес түрдө редакцияга тастыктагандай, Балыкчы шаарынын аймактык ооруканасында сактоо мөөнөтү өтүп кеткен катуу таасир берүүчү дарылардын колдонулуп жаткандыгы жөнүндө арыздануу чынында эле катталган. Бирок, учурда бул жөнүндө маалымат такталууда.

Маалымат үчүн:

"Ардуан" дарысы жүрөккө жана акушердик-гинекологиялык операция жасоо учурунда колдонулат. "Ардуан" вена кан тамыры аркылуу куюлат.

Дарынын түшүндүрмөсүндө, кутучада көрсөтүлгөн сактоо мөөнөтү өтүп кеткенден кийин, аны колдонууга болбойт деп так жазылган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp



НАВЕРХ  
НАЗАД