Нарын облусунун Солтон-Сары кениндеги абалдын курч бойдон калуусу уланууда. Жергиликтүү тургундар митингге чыгып жана кайрадан инвестор-компаниянын ишмердигине тыйуу салууну пландаштырууда деген маалымат пайда болду.
Андан тышкары кенге жакын жайгашкан жерде малдын кырылышынан үч күн өткөндөн кийин, соцтармактарда капысынан эле кытайлыктарга каршы катуу чакырыктар пайда болду. Соцтармактардын айрым колдонуучулары каршы чыгуу акциясына гана чыгып тим болбостон, бул күрөшкө "бүт Кыргызстанды көтөрүүнү" сунуш кылышууда. Өзүнчө бир инвестордун мисалында, кимдир-бирөөлөр улуттар аралык абалды чайпалтууну көздөп жаткандай ой калууда. Бирок бул жерде сөз мыйзам чегинде оңой эле чечип коё турган чатак жөнүндө болууда.
Борбордук Азиядагы абал курчууда
Белгилей кетсек, республикада биринчи жолу кытайлыктарга каршы чыгуулардын толкуну үстүбүздөгү жылдын январь айында толкуп өткөн. Анда митинг аз жерден баш аламандыкка айланып кете жаздаган. Ал толкунду басууга мүмкүн болгон менен, абал уланып отуруп, анын кайрадан курчушу, күтпөгөн жерден мурдагы жана азыркы бийликтин каршылашуусуна туш келип калды, ал азыр деле уланууда.
Жергиликтүү эксперттер кытайларга каршы башталган маалыматтык компания жасалма мүнөзгө ээ деген ишеничте. Ошондой болсо да бул азыркы убактагы чатакты козутуучу бирден-бир тема болууда. Саясат таануучу Шерадил Бактыгуловдун пикири мына ушундай. Ал май айынан бери АКШ Конгрессинде СУАРдагы адам укугунун абалы боюнча маселе каралып жаткандыгын эске салды.
-Бул теманы АКШ 2018-жылдын кыш айынан бери козгоп келүүдө. Кытайлык провинциядагы маселе боюнча токтом-кайрылууга 22 өлкө кол койду. Бул укуктук эмес документ басым жасоонун куралы болуп калды. Анын үстүнө Россияга каршы колдонулган сценарий – санкция киргизүү, Кытайга карата жайылтыла баштады. Тактап айтканда, Батыш Магнитскийдин кытайлык тизмесине окшогон нерсени даярдап жатат. АКШ бюджетинен кыргыздардын айрым ММКалары да каржыланып турат. Мына ошолор, биринчилерден болуп СУАР жана кайрадан тарбиялоо лагерлери жөнүндө маалыматтарды чыгарышканын байкоого болот. Тактап айтканда, ачык эле массалык түрдө кытайларга каршы чыгууну илгерилетип жылдырышууда, - деди VB.KG редакциясына Бактыгулов.
Мунун баардыгы 2017-жылы АКШ жаңы доктринасында Кытай менен Россияны атаандаш эмес, душман катары таанып, ага каршы күрөшүү керектиги көрсөтүлгөндүгүндө, деп тактады саясат таануучу.
-Азыр Пентагондун башчылыгы кызматына талапкер каралып жатат. Америкалык аналитиктер Кытайга жана Россияга каршы согуш жүргүзүүнүн жаңы сценарийлерин иштеп чыгышууда. Ал эми бул пункттардын биринде көрсөтүлгөндөй, Балтика өлкөлөрүндө, Украинада, Молдовада, Кавказда жана Борбордук Азияда курч абалды түзүү болуп эсептелет. Акыркы убактарда укук коргоочулардын айрымдары кайрадан кытайлыктарга каршы билдирүүлөрдү жасай баштаганына таң калбай койсо деле болот. Кытай менен Россияга каршы чыгууларды уюштуруу үчүн кандайдыр-бир платформа түзүлүүдө. Көк тиреген өлкөгө каршы мындай маанайлар Кыргызстандын ичинде да бар, - деп белгиледи Бактыгулов.
Жаңжалдын баасы – бийликпи?
Солтон-Сары кениндеги чыр-чатак – элдин маанайын билүү звенолорунун бири болуп эсептелет. Бул жерде ошол эле биринчи жана экинчи президентти кулатуу схемалары иштеп жатат. Бирок, бул этапта бийликке каршы маанайды жаратуу кыйын, ошондуктан, кытайлыктарга каршы оюнду баштоо оңойураак. Элди радикалдуу маанайга чакырууга бир-эки жыл эле жетиштүү, деп эсептейт саясат таануучу.
-Азыркы убактагы абалды козутуунун жалгыз темасы ушул. Бул геосаясат жана дүйнөлүк державалардын таасири үчүн болгон күрөш. Бирок, көптөгөн жөнөкөй жарандар Батыш аркылуу жиберилген маанайды өзүнө сиңирип алуу менен, мындай кычыктуу маселени түшүнүбөй жатышат. Ошону менен бирге Кыргызстандагы коомдук аң-сезимге манипуляция жасап жана кастыкты күчөттуу ачык эле жүрүүдө, деп белгиледи Бактыгулов.
Булардын бир эле максаты бар – азыркы бийликтин жана анын аракетине, коңшу мамлекеттер жана саясий өнөктөштөр менен мамиле түзүү аброюна доо кетирүү.
-Ошондой болгону менен бул же тигил долбоорлорго кол койуу менен, өлкөнүн жетекчилиги, Акаевден жана Бакиевден айырмаланып, биринчи кезекте Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөөдө. Бирок, азыркы кездеги республикада түзүлгөн абал, мага светтик мамлекет радикалдык диний өлкөгө айланган Афганистандагы режимдин өзгөрүү алдындагы мезгилди эсиме салат. Азыр баары ошол сценарий менен жүрүүдө: Түндүк-Түштүккө бөлүнүү, улуттар жана этникалар аралык маселелери көтөрүлүүдө. Бул абдан коркунучтуу абал, көпчүлүк муну түшүнбөй, инерция боюнча геосаясий оюндун куралы болууну улантууда, - деп Шерадил Бактыгулов сөзүн жыйынтыктады.