"Республика" партиясынын негиздөөчүсү Өмүрбек Бабанов Финансы полициясына суракка чакырылды. Бул тууралуу VB.KG редакциясына ЭКККМК булактарынан билдиришти.
Маалымат боюнча, азырынча Өмүрбек Бабановдун кайсы иш боюнча суракка чакырылганы белгисиз.
Бул тууралуу маалыматты экс-депутаттын жардамчылары да тастыктай элек, алар менен да, Финансы полициясынын басма сөз кызматы менен да байланышуу мүмкүн болбой жатат.