Бүгүнкү күндө биздин атактуу сууда сүзүүчү Денис Петрашов менен жолугушуу такыр мүмкүн эмес. Ал өткөн жекшемби күнү Индияда өткөрүлгөн Азия биринчилигинен жеңиштүү кайтып келгенден кийин, шейшемби күнү эртең менен эрте өзүнүн машыктыруучусу – атасы Евгений Петрашов менен – Европага Гран-при сериясындагы турнирге учуп кетти. Бул турнир адегенде Будапештте, андан кийин Берлинде өткөрүлмөкчү.
"Вечерний Бишкектин" кабарчысы бул спортчу менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ал жөнүндө көп жаңылыктарды билүүгө мүмкүн болду.
Денис, качан эс аласың?
-Азыр убакыт аз, Олимпиадалык оюндарга күчтөнүп даярдануу керек. Токиодогу мелдешке кантип убакыт келип калгандыгын байкабай да каласың.
Кызык экен, Бишкекте болгон эки күн ичинде эмне кылганга жетиштиң?
-Жаштар саясаты, физкультура жана спорт мамлекеттик Агентствосунун жетекчиси, олимпиадалык спорттун түрлөрү Дирекциясы менен жолугуштум. Алар баардык жагынан колдоо көрсөтүүгө убадасын беришти, бул жакшы нерседен үмүттөндүрөт. Өзүм экинчи курста окуп жаткан физкультура жана спорт мамлекеттик Академиясына да барып, окуй турган китептердин тизмесин алдым. Европадан кайтып келгенден кийин, окууга даярдана баштайм. Окутуучуларыма ыраазычылыгымды билдиргим келет, алар мени ар күнү лекцияга катышууга милдеттендиришкен жок. Жалпысынан айтсам, бизде ак көңүл жана боорукер адамдар көп!
Сүйлөшүп жүргөн кызың барбы?
-Албетте, бар, үйгө келгенимде жолугушуп турам. Бирок анын ким экендиги жөнүндө сурабагыла. Анын тынчын алуунун кереги жок.
Үстүбүздөгү жылдын жай айында сен кыргызстандык спортчулардын ичинен биринчи болуп олимпиадалык лицензияны алдың. Ушундай ийгилик болоорун күттүң беле?
Албетте, күткөм. Эгер антпегенде күнүнө алты сааттан – эртең менен жана кечинде – бассейнде сууда жана дагы эки саат тренажерде машыгуунун кажети барбы. Көзүм чымыраганча машыгам, болбосо чоң жеңиштерге жетүү мүмкүн эмес.
Ушунчалык тырышып машыгууну ким үйрөттү?
-Менин атам, Евгений Георгиевич, аны менен башкача мамиледе болуу мүмкүн эмес. Чоң спортко аттангандан кийин, миң пайызга күчтөнүп аракет кылуу керектигин мен өзүм деле түшүнөм. Анын үстүнө менин чоң атам Георгий Георгиевич Петрашов өз убагында белгилүү велоспортчу, "СССРдин спорт чебери" болгон. Чоң энем Тамара Степановна, өмүр бою сууда сүзүү менен машыккан. Айтмакчы, ал Москвадагы Олимпиада оюндарында арбитр болгон. Атам көп жылдар бою Кыргызстанда мыкты сууда сүзүүчү болуп келген. Мен өзүмдүн туугандарым менен сыймыктанам жана аларды уятка калтырбоого аракет кылам.
Сен олимпиадалык лицензияны Кванджуда (Түштүк Корея) өткөрүлгөн дүйнөлүк бриничиликте 100 метр аралыктагы сууда сүзүүдө алдың. Олимпиадалык оюндарга жолдомо алуу, албетте жакшы. Бирок өзүңдүн жеке жыйынтыгыңа ыраазысыңбы?
Жүз метр аралыктагы брасстын олимпиадалык нормативи – 1 минута 1,73 секунд. Мен бул аралыкты 1 минута 0,94 секундда сүзүп өттүм. Айырмасын байкадыңызбы?
Ооба, бирок, сен 28-орунду гана ээледиң го...
... 87 катышуучунун ичинен. Бирок бул жетишкендик менен токтоп калбайм. Европадагы Гран-приден кийин бир аз эс алам, анан кайрадан машыгууга киришем.
Токиодо канчанчы орунга жетишем деп ойлойсуң?
-Финалдык жарышка жетүүгө аракет кылам. Атам экөөбүз ушундай ойдобуз. Эмдиги жылы мен 20 жашка гана толо турганымды унутпагыла. Ал эми 2026-жылы Париждеги Олимпиада оюндарында мындан да жогорку жыйынтыктарга жетишем деген үмүтүм бар.
Сен 2020-жылдагы Олимпиада оюндарында 200 метр аралыкка брасс менен сүзүүгө да катышуу укугун алдың. Бул эки аралыктын кайсынысы боюнча жогорку орунду ээлейм деген ойдосуң?
-Алдын ала айтканды жактырбайм. Журналисттерге бир нерсе жөнүндө ачык айтасың, анан ал сөздөрүң үчүн кызарууга туура келет. Бир гана жоопту бере алам: күчтөнүп машыгууну уланта берем, анан кандый жыйынтык чыгат көрөбүз.
Өткөн жумада Индияда аяктаган Азия биринчилигинде 200 метр аралыкты эки минута 13,81 секундда сүзүп өттүң, ал эми Кванджудагы ушул эле аралыкты эки минута 11,65 секундда багындыргансың. Жыйынтыктын начар болушунун себеби эмнеде?
-Кызык суроо экен. Себеби мен анда Азиянын чемпиону боло элек болчумун.
Сен Индияда 100 жана 50 метр аралыкка брасс менен сүзүү боюнча эки күмүш медалын алдың. Алтын медалын жеңип алууга мүмкүнчүлүгүң бар беле?
-Сиз Азия биринчилигине сары ооз балапандар келет деп ойлойсузбу? Биздин континентте сууда сүзүү спорту абдан өнүккөн. Ар кайсы өлкөлөрдө тажрыйбалуу спортчулар абдан көп. Алар Япониядагы Олимпиада оюндарында өздөрүн көрөсөтө алышат деген ойдомун. Анын үстүнө менин спорттогу күчүмдүн толуп турга учуру июнь айына туш келгенин жогоруда айтпадымбы.
Сенин бактылуу бала кезиңе кайрылалы. Сен өзүңдүн чоң ата, чоң энеңе окшоп суучул болом деп ойлодуң беле?
-Бала кезимде эле атам сыяктуу белгилүү сууда сүзүүчү болом деп кыялданчумун. Беш жашымдан баштап сууда сүзүп, аны менен катар чоң теннис менен да машыкчумун. Ал эми 12 жашымдан баштап сууда сүзүүнү тандадым.
Айтмакчы, эмне үчүн брассты тандап алдың?
-Атам менин ушул стилдеги жөндөмүмдү көрүптүр, натыйжада аныкы туура болуп чыкты.
Сенин алгачкы маанилүү жеңиштериң кандай болду?
-2016-жылы Якутияда өткөрүлгөн "Азиянын балдары" эл аралык оюндары болду окшойт, мен анда алтын жана күмүш медалдарын жеңип алгам. Ошондон кийин мени республикадагы спорт күйөрмандары тааный башташты. Мен анда эки "алтынды" утуп алмакмын, бирок, жарыштын биринде ката кетирип алдым. Күнөө өзүмдө болду. Атама рахмат, ал менин абалымды түшүнп, урушуп, катуу сөз айткан жок.
Башка өлкөнүн желеги алдында мелдешке катышуу сунуштары түштү беле?
-Бир нече жолу сунуштар түшкөн, бирок Кыргызстан – менин өлкөм, бул жерде мага баары жагат. Ошондуктан башка өлкөгө кетип калуу оюма да келбейт.
Андан кийин 2016-жылы Бразилиядагы Олимпиада оюндары болду...
-Ал оюндар мен үчүн, чынын айтсам, таанышуу иретиндеги спорттук мелдештер болду. Атам экөөбүз менин жаш курагымда жогорку орундарга ээ болуу мүмкүн эместигин, бирок, мындай чоң эл аралык турнирде толкунданбай, чоң тажрыйба алаарымды түшүндүк. Мендей жаш спортчуга атайын лицензия бөлүп бергендиги үчүн Эл аралык сууда сүзүү федерациясына ыраазычылыгымды билдиргим келет. Бул бразилиялык тажрыйба менин кийинки ийгиликтериме жол ачат.
Ошондой болсо да 2018-жылы Буэнос-Айрестеги жаштар Олимпиадасында өз чеберчилигиңди көрсөтө алдың. Ушундай ийгилик болоорун күттүң беле?
-Атам экөөбүз менин атаандаштарымдын результаттарын изилдеп чыгып, алар менен атаандашууга мүмкүндүгүм бар деген жыйынтыкка келдик. 100 метрлик брасста "күмүш" медалын утуп, жеңүүчүгө 0,75 секунд жетпей калды. Албетте, мындай сыйлыкка жеткениме кубанычта болдум, бирок, "алтынды" жеңип алышым да мүмкүн эле. 50 метр аралыкта жетинчи орунду, 200 метрде – тогузунчу орунду ээледим. Мен ошондо негизги жыйынтык чыгарып: эгер көп эмгектенип, күчтөнүп машыгуудан качпай, ар дайым өзүмдүн жыйынтыктарымды мындан да жогорулатууга аракет кылуу керектигин түшүндүм.
Ооба, бирок баары эле сага жана машыктыруучуга байланыштуу эмес. Силерге 50 метрлик бассейнде машыгуу керек, Бишкекте андай мүмкүндүк жок. Анын үстүнө силерге чет өлкөлөрдөгү мелдештерге катышуу үчүн көптөгөн акча каражаттары да керек. Бул маселелер кандай чечилүүдө?
-Чечилип жатат. Жакында спорт мамлекеттик Агентствосу, олимпиадалык спорт түрлөрү Дирекциясы жемиштүү машыгуулар үчүн баардык шарттар түзүлүп бериле тургандыгы жөнүндө менин атама айтышкан. Силердин гезит аркылуу аларга жана сууда сүзүү Федерациясына биздин ыраазычылыгыбызды билдирип коюуңуздар. Алар мурда дагы бизге жардам берип келишкен, биз Чолпон-Атада машыкканбыз, ал жакта 50 метрлик ванна бар. Турцияга да барып машыгып турабыз, бул өлкөдө мелдештерге даярдануу үчүн абдан жакшы шарттар бар. Атам экөөбүзгө карата түзүлгөн камкордукту жана бизге болгон ишеничти, бизден жогору результаттарды күтүп жатышкандыгын сезип турабыз. Биз сөзсүз түрдө атамекендик спорт жетекчилеринин жана баардык кыргызстандыктардын ишеничин актайбыз.