France Football француз басылмасы 2019-жылдын мыкты футболчусуна ыйгарылуучу "Алтын топ" сыйлыгына талапкерлердин толук тизмесин жарыялап, анын катарына 30 футболчу киргизилди.
France Football басылмасынын версиясы боюнча, "Алтын топ - 2019" сыйлыгынын ээси үстүбүздөгү жылдын 2-декабрында белгилүү болот.
Былтыркы жылы бул сыйлыкка Хорватия курама командасынын жана "Реал Мадрид" клубунун жарым коргоочусу Лука Модрич татыктуу болгон.
Талапкерлердин тизмеси:
- Садио Мане ("Ливерпуль", Сенегал)
- Серхио Агуэро ("Манчестер Сити", Аргентина)
- Френки де Йонг ("Барселона", Нидерланды)
- Уго Льорис ("Тоттенхэм Хотспур", Франция)
- Душан Тадич ("Аякс", Сербия)
- Килиан Мбаппе ("Пари Сен-Жермен", Франция)
- Трент Александер-Арнольд ("Ливерпуль", Англия)
- Донни ван де Бек ("Аякс", Нидерланды)
- Пьер-Эмерик Обамеянг ("Арсенал", Габон)
- Марк-Андре тер Штеген ("Барселона", Германия)
- Криштиану Роналду ("Ювентус", Португалия)
- Алисон Бекер ("Ливерпуль", Бразилия)
- Матейс де Лигт ("Ювентус", Нидерланды)
- Карим Бензема ("Реал", Франция)
- Жоржиньо Вейналдум ("Ливерпуль", Нидерланды)
- Вирджил ван Дейк ("Ливерпуль", Нидерланды)
- Бернарду Силва ("Манчестер Сити", Португалия)
- Сон Хын Мин ("Тоттенхэм Хотспур", Южная Корея)
- Роберто Фирмино ("Ливерпуль", Бразилия)
- Роберт Левандовски ("Бавария", Польша)
- Лионель Месси ("Барселона", Аргентина)
- Рияд Марез ("Манчестер Сити", Алжир)
- Кевин де Брейне ("Манчестер Сити", Бельгия)
- Калиду Кулибали ("Наполи", Сенегал)
- Антуан Гризманн ("Барселона", Франция)
- Мохамед Салах ("Ливерпуль", Египет)
- Эден Азар ("Реал", Бельгия)
- Маркиньос ("Пари Сен-Жермен", Бразилия)
- Жоау Фелиш ("Атлетико", Португалия)
- Рахим Стерлинг ("Манчестер Сити", Англия)