Бишкекти таштандылардан тазалоо үчүн бөлүнүп берилген 22 млн евронун көпчүлүк бөлүгү түшүнүксүз максаттар үчүн кетип жатат. Бул тууралуу VB.KG редакциясына өз пикирин өлкөдөгү белгилүү эколог Динара Кутманова билдирди.
Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу боюнча акча каражаттары түшө баштаганда, мэрия биринчи кезекте таштандыларды жыйноо жана ташып чыгаруу тарифин 1,5 эсеге жогорулаткан. Бул идея боюнча азыр шаарда таштандылар менен байланышкан абал жакшырышы керек эле.
-Бөлүнүп берилген 22 млн евронун 2 миллионуна таштандыларды ташуучу автоунаалар сатылып алынды, ал эми калган акчанын өлчөмү эмне болгону белгисиз. Мисалы, шаардыктар таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулаарын күтүүдө. Мен аларга абалды түшүндүрүп, мындай завод курулбайт, анын ордуна таштандыларды ылгалоочу цех курула тургандыгын айткым келет. Андай болсо, таштандылар чогултулган жерде эмнени ылгалашат? Анткени таштандылардын коммерциялык бөлүгү, пластик, металл, кагаз жана башкалары жолдо баратканда эле менчик фирмаларга өтүп кетет. Ал эми таштандылар чогултулган жерге кандай таштандылар жеткирилет жана анын калганын эмне кылышат? - деген суроо пайда болот, - деп белгиледи Кутманова.
Бул долбоор 2013-жылдан бери ишке ашырылууда, бирок, кандайдыр-бир сезилерлик жыйынтык көрүнбөйт.
-Бир гана пластик бөтөлкөлөрдү чогулта турган тордолгон контейнерлер пайда болду. Ошондой эле кайсы-бир жерлерде, айрым бир үйлөрдө таштандыларды ылгалоочу жеке демилгелер киргизилүүдө. Бирок таштандыларды тазалоо жана ташып чыгарууну уюштуруу ишин системалаштыруу жок. Аны тезинен түзүү керек. Бул көйгөйдү чечүү үчүн мэрияда жана шаардык кеңеште тезинен чара көрүү зарыл. Баарынан мурда таштандылардын чогулушу жана аны ташып чыгарууга чейин катуу көзөмөлгө алынышы керек. Бул планда таштандыларды ташып чыгаруу сапаты жогору болгон алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын алуу керек, анткени, бул ишти жакшы жасоого кызыккан жеке компаниялар аткарат. Эгер муниципалитет өзү муну аткара албаса, анда жеке фирмаларды ишке тартуу керек. Ошондуктан бул маселеде Бишкек шаардык мэриясынын позициясы такыр түшүнүксүз болуп жатат. Алдыңкы өлкөлөрдүн тажрыйбасын билген борбордун муниципалитети аларды четке кагууда, - деди ал.
Дагы бир көйгөй, бул таштандылардын өлчөмүнүн жогорулашында болууда. Жада калса кичине дүкөнчөлөрдө таштандылар үчүн көп сумма эсептелип жаткандыгына арызданышууда.
-Албетте алар жеке фирмаларга ыктай башташат. Ал эми "Тазалыкка" кайсы эмгеги үчүн акы төлөнүшү керектиги да түшүнүксүз. Ошого ылайык таштандынын өзүнүн өлчөмүнө байланышкан дагы бир көйгөй келип чыгат. Мына таштандылар төгүлгөн жерде, анын салмагын ченей турган тараза болушу керектиги жөнүндө 20 жылдан бери сөз болуп келе жатат. Бул үчүн каржаттар бөлүнүп берилгендиги менин да эсимде калыптыр, бирок, тараза да, акча да жок. Ал эми таштандылардын салмагын өлчөө керек жана "Тазалыктын" буга кызыкпай жаткандыгы, таштандынын өлчөмүн көбөйтүп койуу ишкананын өзүнө пайдалуу деген ойду жаратат. Анткени бул кошумча каражатты талап кылат эмеспи. Мен бирөөлөрдү күнөөлөгүм келбейт, бирок, мына ушуга окшогон логикалык баа бери өзүнөн өзү келип чыгууда. 22 млн еврону алып жана ушул убакка чейин таразаны орнотпой койуу – мен үчүн түшүнүксүз, - деп белгиледи эколог.
Эколог Динара Кулматованын маегин толугу менен VB.KG репортажынан көрүүгө болот.