Президенттикке талапкер Садыр Жапаров ата-бабасы тууралуу элге кайрылуу жасады:
"Урматтуу Кыргызстандыктар!
Мамлекетибиздеги бүгүнкү пайда болгон кырдаалга жараша менин сиздерге кайрылуумдун маанилүү себеби бар.
Карапайым калк түндүк-түштүк болуп эч качан бөлүнбөйбүз. Муну эки жолку төңкөрүштө элибиз далилдеди. Бир ууч саясатчылар гана өз кызыкчылыктары үчүн бөлөт. Муну 28 жылдан бери башыбыздан өткөрүп келе жатабыз.
Эми 28 жыл эмес, кылымдар мурда кандай эл элек, ким элек, ким болдук деген маселени эсиңиздерге сала кетейин. Мен улуу муундарга акыл үйрөткөндөн алысмын. Алар менсиз деле тарыxты жакшы билишет деп ойлойм? Менден жаш муундарга тарыхий баяндан азын оолак айтып өтөйүн. Анткени, эки тарап болуп урушкандар көбүнчө жаштар болуп жатышат.
Биз, кыргыздар, Долонбий атабыздан бери тарыxты жакшы билебиз. Тарыхий китептерге да даана чагылдырып жүрөбүз. Ошол санжыра жагынан мен өзүмдүн ата тегим боюнча ылдый санайын. Долонбий, Ак уул, Тагай, Сарыбагыш, Орозбак, Мырзакулмырза, Алсейит, Жамангул, Белек, Алдаш, Бирназар, Алыбай, Солтонкул, Көчкүн, Жапар, Мусталый, Нуркожо.
Мына ушул аталарыбыздан Тагай бий түштүктөн түндүкө көчүп келип, жерлерибизди сактап калган. Тагай атабыз түндүктө төрөлүп өскөн эмес. Түштүктөн келген. Түштктө Адигине, Ичкиликтер, Наалы эже жана башка бабаларыбыздын урпактары калышкан. (Бул окуянын таржымалы узун. Ошол үчүн кыскартып айттым) Ошол бойдон Тагайлар түндүктө жашап калганбыз. Жалгыз эле Тагай бий түндүктү сактап калган дегенден алысмын. Башка дагы уруулардын, бабаларыбыздын, баатырларыбыздын эмгектери зор. Билгеним Тагай бий жөнүндө кеп кылдым.
Ошол мезгилде Тагай бийден баштап ата бабаларыбыз мен өлсөм сөөгүмдү аталарым жаткан жерге алып барып койгула деп, керээз айтып кетишчу экен. Албетте балдары керээзди аткарышып, атактуу аталарыбыз, бийлерибиз дүйнөдөн өткөндө сөөгүн түштүкө алып барып коюп турушкан. Менин жетинчи атам Бирназар бий кыш мезгилинде дүйнөдөн кайтат. Балдары сөөгүн төөгө артып алып түштүкө бара жатышып, Көкарттын ашуусунда ызгаар сууктан адамдар өлүп кала жаздашкан. Эптеп Жалал-Абадка жетип, Аюб булака коюп келишкен. Ошентип кадимки эле азыркы Аюб булакта менен жетинчи атам Бирназар бийдин сөөгү жатат. Ошондон кийин акелер кенешип, жердин баары эле бирдей, мындан ары бул жака эле коюп туралы деп чечим кабыл алышып, атактуулардын сөөгүн түндүкө коюп калышкан. Мойт аке мен өлсөм сөөгүмдү ушул жерге койгула деп Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Манжылга коюлган деп тарыx беттеринде айтылып жүрөт. Азыр ал жерди Манжыл ата мазары деп аташат.
Менин алтынчы атам Алыбайдан берки аталарымдын сөөктөрү Ысык-Көлгө коюлуп келе жатат.
Мен муну менен эмне айткым келди? Сен түштүк, мен түндүк деп бөлүнбөй, бир атанын балдары экенибизди жүрөгүбүзгө бекем туталы. Бир эл, бир журтпуз.
Байкап олтурсам күндөн-күнгө бири-бири менен экиге бөлүнүп сен тундук, мен туштук дешип, уруш талаштары катуулап бара жатат. Арты жакшылык менен бүтпөйт. Ушуну токтотолу туугандар.
Бөлүнүп жарылып жүрүп "Кыргыз каганаты" деген ал жагы Алтай, Енисей, бул жагы Ала-Тоо болгон килейген мамлекетибизден ажыраганбыз. Бөлүнүп жарылып жүрүп Манас атабыз түптөп кеткен Кыргыз мамлекетибизден ажыраганбыз. Эми алакандай Кыргызстан деген мамлекетибиз калды. "Эрегиштен эр өлөт" болуп кичинекей мамлекетибизди жок кылып албайлы?
Албетте мындай адилетсиздик чексиз улана бербейт. Бир күнү токтойт. Элдин ырыскысын жеп, мамлекетти сазга батыргандар эртеби кечби сөзсүз жооп беришет. Ошондуктан, сабрдуулук кылып туралы. "Бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" деп элибиз бир эле сөз менен түшүнүктүү кылып айтып коёт эмеспи. Анынсыңарындай бектер эртеби кечпи кетет. Карапайым эл түбөлүк бир тууган болуп кала беребиз. Анткени, каныбыз, жаныбыз бир. Тарыхын унуткан эл мамлекетин сактап кала албайт. Ошондуктан, жаштарга айтаарым бир тууган экенибизди унутуп, ар кандай эмоцияга, ачууга, чагымчылдарга алдырып жибербей биримдикте, ынтымакта болгула. "Ынтымак бар жерде ырыс бар", -деп жазылат билдирүүдө.